Иранда 6,5 баллдык жер силкинүү болду

Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик сыналгысы кабарлады. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Керман провинциясында болгон жер титирөөдө бир нече имараттар кыйроого учураганы айтылып, жабыр тарткандар тууралуу маалымат азырынча бериле элек.