Индияда Орусия президентинин иш сапары уланууда

Анын маалында Дмитрий Медведев эки өлкө ортосунда курал жарак, атом энергетикасы жаатында кызматташууну сүйлөшүп, Ооганстандагы абалды дагы талкуулайт. Ошондой эле Т-50 үлгүсүндөгү 5-муундагы атайын учакты чыгаруу боюнча биргелешкен долбоор дагы тууралуу дагы сөз болот.

Президент Д.Медведевди иш сапарда вице-премьер-министр С.Иванов баш болгон өкмөт мүчөлөрү, “Ростехнология” жана “Росатом” ишканасынын жетекчилери, чоң компаниялардын өкүлдөрү коштоп жүрөт.