Орусия менен Британия бирден дипломат чакыртып алышты

Британ өкмөтү Москва менен Лондондо бирден дипломат тыңчылыкка шектелип, андан кийин өз мекенине жиберилгендигин билдирди.

10-декабрда расмий Лондон Орусиянын Британиядагы элчилигинин бир кызматкери тыңчылык кылгандыгы тууралуу полиция жетиштүү негиз топтогондугун, андыктан аны чакыртып алууну орустардан талап кылган.

16-декабрда орус бийлиги дал ошондой эле өтүнүчтү Лондого жолдоп, Москвадан британ элчилигинин бир кызматкерин чакыртуу тууралуу кат жөнөткөн.

Андан соң эки дипломат тең кызмат өтөгөн өлкөлөрдөн чыгып кеткени кабарланды.