Самолиде исламчыл топтор империя түзүүгө ниеттенүүдө

Бул өлкөнүн көпчүлүк аймагын көзөмөлдөгөн Ал-Шабааб жана Хизбул Ислам топтору бириккенин жарыялашты. Эми алардын максаты Самолиде Ислам империясын куруу жана өлкөдөгү башка исламчыл топтор менен чыр-чатакка барбоо экендигин расмий жарыялашты.