Жогорку Кеңештин депутаттары калк менен жолугушат

Мындай чечим 24-декабрдагы парламенттин отурумунда депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынганын “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 3-январдан тарта 10-январга чейин аймактарга бөлүнүп алып, калктын мүдөө-максаттары менен таанышып келишет. Парламенттин кечээ күнкү отурумунда спикер Ахматбек Келдибеков калк менен жолугушуу демилгесин көтөрүп, шайлоо өткөндөн бери депутаттар жарандар менен жакындан байланыша электигин белгилеген эле. (KKs)