НАТО быйыл Ооганстанда 697 аскерин жоготту

Бүгүн Ооганстандын түштүгүндө НАТОнун бир аскери бомбага кабалып курман болду. Жоокердин кайсы өлкөдөн экени маалымдалган жок. Ассошэйтед пресс агенттигинин билдиришинче, муну менен НАТО быйыл Ооганстанда 697 аскеринен ажырады. 2010-жыл Ооганстанда он жылга жакындап бараткан терроризмге каршы согушта НАТО үчүн чоң жоготуулардын жылы болууда.