Италиянын байтакты Римдеги бир нече өлкөнүн элчиканалары шектүү посылка алышты. Грекия, Венесуэла, Дания жана Монаконун элчиликтерине келген посылкаларды полиция текшерди жана грек элчилигине келген бомбаны иштен чыгарды. 24-декабрда Швейцариянын жана Чилинин Римдеги элчиликтеринде бомба жарылып, эки киши жарадар болгон. Бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти италиялык анархисттик топ өзүнө алган.