Орусия Беларустагы кармалган жарандарын бошотууну талап кылды

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин Беларустун Орусиядагы элчисине камакта жаткан 11 орусиялыкты тезинен бошотууну талап кылып, «эгер маселе чечилбесе орус-беларус мамилесине терс таасирин тийгизет», деп билдирди.

19-декабрда Минскиде нааразылык учурунда 11 орусиялык жаран 10-15 күндүк мөөнөт менен камакка алынган. Алардын иштери айдын аягына чейин Минскидеги соттордо каралышы керек.

Беларуста шайлоодон кийин президенттикке талапкерлерди кошкондо алты жүздөн ашуун киши камакка алынган.