Дүйнө лидерлери жаңы жылдык убадаларын беришти

Дүйнө лидерлери өз букараларын жаңы жылдын кириши менен куттуктап, калктын турмушун оңолтобуз деп сөз беришти. Грузия президенти Михаил Саакашвили 1-январдагы телекайрылуусунда 2010-жыл өлкө тышкы саясатындагы урунттуу жыл болгонун, дипломатиялык аракеттер быйыл өз жемишин бере баштаарын айтты. Украин президенти Виктор Янукович 2010-жыл катаал, бирок бак-таалалайлуу жыл болгонун айтып, бу жылы өлкө жыргалчылыгы үчүн маанилүү кадам жасалат деди.
Россия президенти Дмитрий Медведев жарандарды жаш муундун жардамы менен заманбап өлкө курууга чакырды. Президент Барак Обама 2011-жылы АКШ үчүн экономикалык оңолуунун жылы болорун, өлкө азыр ондогон жылдардан берки өтө оор рессесиядан чыгуунун далалатында экенин белгиледи. Президент Роза Отунбаева жаңы жылдык куттуктоосунда 2010-жыл Кыргызстандын эгемендик тарыхында абдан оор жыл болгонун, буга карабастан өлкө парламенттик демократияга кадам таштаганын белгиледи. Ошондой эле калк өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын айтып, элди ынтымакка, биримдикке үндөгөн.