2010-жыл сүрөттөрдө

Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды - 11-январда Бишкек гарнизондук соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратуу менен 8 жылга кесүү жана аны сот залынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

"Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору кабыл алынды - 12-февралда Жогорку Кеңеш "Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун биринчи окулушта кабыл алды. Өзгөртүлгөн жоболордун ичинен айрыкча саясий чөйрөдө бүйүр кызыткан талкууну президенттин убактылуу милдетин аткаруу жөнүндөгү 52-берене жаратты. 52-беренеде президенттин ыйгарым укуктарын аткара албай калган шартта анын милдетин убактылуу аткарчу адамды Мамлекеттик Кеңеш аныктайт деп өзгөртүлгөн.

10-марттан тарта “Азаттыктын” берүүлөрүн уктуруу токтотулду - Бишкектеги «Манас жаңырыгы» телекомпаниясы, «ОК» радиосу жана Нарындагы «Алмаз» радиосу бийлик тараптан кысым болуп жатканын оозеки айтышып, 10-марттан тартып «Азаттыктын» берүүлөрүн уктурууну токтотушкан.

Оппозициянын курултайы - 17-мартта оппозиция Элдик курултай өткөрүп, анда бийликке тарифтерди төмөндөтүү, “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелекомду” мамлекетке кайтаруу, Конституциялык реформаны токтотуу өңдүү 7 пункттан турган талап койду. Оппозиция курултайдын таламдарын аткарууга 24-мартка чейин бийликке мөөнөт берип, эгерде ал аткарылбаса, эл конституциялык укугунан пайдаланып элдик бийликти орнотууга кирише алат деп белгилеген.

Талкуу жараткан Ынтымак курултайы - 23-мартта Улуттук филармонияда Ынтымак курултайы башталып, алгачкы күнү 742 делегат катышты. Жыйын башында Курултайдын төрагасы жана 17 кишиден турган Төр кеңеши шайланып, андан соң президент Курманбек Бакиев кайрылуу жасады.

Чыңалган кырдаал Таласта дүрт этти... - Кыргызстанда саясий кырдаал курчуду. 6-апрелде Таласта митингге чыккандар облустук администрациянын имаратын басып алышса, Чүйдө, Нарында, Ошто жана Жалал-Абадда нааразылар митингдерге чыгууга камынышты. Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркулов, Болот Шерниязов, Абдыганы Эркебаев, Элмира Ибраимова, Эмил Каптагаев, Анвар Артыков, Дүйшөн Чотонов камакка алынды.

Кандуу шаршемби - 7-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактары масштабдуу каршылык акцияларынын кучагында болду. Бишкекте Ак үйдүн алдында куралчан милиция күчтөрү менен демонстранттар кагылышты. Көзгө атарлардын колунан миңден ашуун адам жарадар болуп, 87 адам мерт кетти. Нарында, Таласта, Аксыда, Токмокто, Токтогулда, Алайда, Кара-Кулжада, Ысык-Көлдө бийлик демонстранттардын колуна өттү. Түнүндө ири дүкөндөр тонолду.

Бийлик алмашты - 7-апрелде президент Курманбек Бакиев кечки саат тогуздарда үй-бүлөсүн алып "Манас" аба майданынан атайын учак менен Ошко кетти. Ак үй демонстранттарга багынды, премьер-министр Д. Үсөнов кызматын тапшыра турган болуп арызын жазып берди. Оппозиция өлкөдөгү бардык бийликти жана жоопкерчиликти өз колуна алып, кырдаалды жөнгө салууга киришти.

К. Бакиев: Кан төгүүгө мен күнөөлүү эмесмин - 12-апрелде Курманбек Бакиев “Азаттыкка” курган маегинде 7-апрелдеги кан төгүүгө анын тиешеси болбогонун айтып, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди. 19-апрелде Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Минскиге учуп кетти.

Роза Отунбаева - өткөөл мезгилдин президенти - 19-майда Убактылуу өкмөт "Өткөөл мезгилдин президенти" жөнүндөгү Декретти кабыл алды. Аталган документке ылайык, жаңы Конституциянын негизинде жаңы президент шайланганга чейин Кыргызстанда өткөөл мезгилдин президенти кызматы киргизилет. Өткөөл мезгилде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага президенттин ыйгарым укуктары берилет. Өткөөл мезгилдин президентинин кызмат мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабры болуп жазылды.

Жүрөктүн үшүн алган коогалаң - 11-июнга караган түнү Ошто тополоң окуялар башталып, ок атышуулар болду. Расмий маалыматтар боюнча коогалаңда 418 адам набыт болуп, миңден ашууну жараат алды. Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилди.

Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилди - 13-июлда президент Роза Отунбаева өкмөттүн түзүмү жана анын административдик мекемелери тууралуу жарлыкка кол койду.

Акмат Бакиев кармалды - ИИМдин уюшкан кылмышкерлерге каршы күрөшүү башкармалагынын тобу 21-июлдун кечинде мурдагы президенттин бир тууган иниси Акмат Бакиевди Жалал-Абад шаарынын Жеңижок көчөсүндөгү күйөө баласынын үйүнөн кармады.

ЕККУнун полиция кеңешчилерине каршы митингдер - 26-июлда Бишкектеги эски аянтта, Жогорку Кеңеш имаратынын алдында ЕККУнун полиция кеңешчилерин өлкөгө киргизүүгө каршы митинг өттү. Ушундай эле митинг Ош шаарында да болду.

Урмат Барктабасов кармалды - 5-августта мурдагы президенттикке талапкер У.Барктабасов уюштурган митинг күч менен таратылып, өзү болсо камакка алынды.

Аскар Акаев кол тийбестиктен ажырады - 13-августта Убактылуу өкмөт Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кол тийбестик макамынан ажыраткан декрет кабыл алганын жарыялады. Анда Аскар Акаев бийликте турганда элге каршы ок атууга жол бергени, жер сатканы жана мыйзамдуулуктан аша чаап, үй-бүлөлүк бийлик орноткону кол тийбестиктен ажыратууга себеп болгону айтылат. Мындай декрет кабыл алынганы жарыяланар замат Аскар Акаев маалымат каражаттарына кыргыз бийлигинин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып чыгып, аны юридикалык күчү жок “сабатсыз жазылган грамота” катары сыпаттады.

Роза Отунбаева БУУнун жыйынында сөз сүйлөдү - 22-сентябрда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын пленардык отурумунда сүйлөгөн сөзүндө соңку алты айдагы Кыргызстандагы окуялар өнүгүү, демократия жана коопсуздук бири-биринен ажырагыс экендигин далилдегенин дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборуна койду.

10-октябрда парламенттик шайлоо өттү - БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 852 миң 751 киши киргизилген. 120 орундуу жаңы парламентке 29 партия ат салышты.

1-ноябрда парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды - 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон “Ата-Журт”, СДП, “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары парламентке өттү. Жаңы Башмыйзам боюнча Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун беш партияга бөлүштүрүлдү. Ага ылайык “Ата-Журт” партиясы 28, КСДП -26, “Ар-Намыска” -25, “Республика” партиясына -23, “Ата Мекен” партиясы 18 орунга ээ болду.

Спорт ордосунун жанында жардыруу болду - 30-ноябрда Бишкектеги Спорт ордосунун түндүк ыптасында эртең мененки саат 9да жардыруу болду.

Коалиция түзүлдү - 30-ноябрда “Ата Мекен” партиясы КСДП жана “Республика” партиялары менен биргеликте парламенттеги башкаруучу коалицияга кирүүгө макул болду.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кыргызстанда - 2-декабрда АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кыргызстанга иш сапары менен келди. Клинтон айым Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен жолугушту.

Коалиция ыдырады - 3-декабрда парламент отурумунун башталганда коалиция түзүү милдетин алган Социал-демократтар фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаев сүйлөп, спикерликке сунушталган талапкер көпчүлүк добушка ээ болбой калгандан кийин коалиция ыдыраганын билдирди.

Парламенттик башкаруу коалициясы түзүлдү - КСДП, “Ата Журт” жана “Республика” фракциялары парламенттик көпчүлүктү түзүү боюнча коалициялык макулдашууга келди. Бул тууралуу 16-декабрь күнү кечинде расмий жарыяланды.