Иранда христиан динине чакырган миссионерлер камалды

Мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги билдиргенине караганда, окуя Тегеран провинциясында болду. Облустун губернатору Мортеза Тамаддон “жакын арада дагы башка адамдар да камалаарын” айткан. Тамаддон ал кишилерди “бузукулардын кыймылынан болушат” деди жана аларга Британия колдоо көрсөткөнүн билдирди. Иранда христиан дини расмий таанылган, бирок, өлкөнүн шарият мыйзамдарына ылайык, Исламды тааныбагандар же мусулман болуп туруп башка динге өткөндөр өлүмгө өкүм кылынат.