Ушул айдын этегинде Евробиримдиктин өкүлдөрү газ боюнча сүйлөшүш үчүн Азербайжанга жана Түркмөнстанга барышат. Делегацияны Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу жетектейт. Евробиримдик постсоветтик аймактагы бул эки өлкө менен “Набукко” газ кууру жөнүндө макулдашууну бышыктоону каалат жатат.
Түркмөнстан менен Азербайжан “Набукко” кууруна газ жөнөтүүчү негизги эки мамлекет катары аталууда. Эгерде ал куур ишке кирсе, Каспий регионунан Евробиримдикке 31 млн.куб.метр газ жөнөтө алат.
Түркмөнстан менен Азербайжан “Набукко” кууруна газ жөнөтүүчү негизги эки мамлекет катары аталууда. Эгерде ал куур ишке кирсе, Каспий регионунан Евробиримдикке 31 млн.куб.метр газ жөнөтө алат.