Эки жерде тең элден түшкөн каттарды кароо бөлүмүндө баштыктар жарылып кеткен. Бири Ганновердеги Транспорт министрлигинде, экинчиси Аннаполис шаардык администрациясынын имаратында болгону айтылат. Окуяларда эч ким жабыркаган жок. Жергиликтүү полиция иликтөөсүн баштаганы кабарланды. Аларга өлкөнүн атайын кызматтары да жардам көрсөтүшүүдө.