Орусиянын Ыраакы Чыгышында балыкчылардын кемеси жоголду

Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, ичинде ондогон жумушчулары бар кеме Сахалин аралынын түштүк батыш жээгинде балык улап жүргөн. Түнгө байланыштуу кемени издөө ишемби күндүн таңына чейин токтотулду.

31-декабрдан бери Орусиянын Ыраакы Чыгышында 400дөн ашык кеме музга камалып, бүгүнгө карай алардын үчтөн бири табигый туткундан бошотулду.