Конгрессмен Гиффордс эсине келди

Аризоналык конгрессмен Габриэль Гиффордс айым операциядан кийин жөнөкөй сөздөрдү түшүнүп калды. Демократ-конгрессменди ишемби күнү Тусон шаарындагы дүр-дүйнө дүкөнүндө шайлоочулар менен кездешип жатканда жергиликтүү жигит башына аткан. Жаред Лофнер ошондой эле алты кишини, анын ичинде 9 жашар кызды жана федералдык судьяны атып өлтүрүп, дагы 13 кишини жарадар кылган. 22 жаштагы Лофнерге адам өлтүрдү, ошондой эле Конгресстин мүчөсүн өлтүрүүгө аракет кылды деп айыпталды.