Месси хет-трик жасады

Аргентиналык Лионел Месси шаршемби күнкү оюнда үч гол киргизди. Испаниянын кубогу үчүн болгон чейрек финалдык оюнда  “Барселона”  “Реал Бетис” командасын 5:0 эсебинде утуп, үч топту  Месси киргизди. ФИФА жана France Football журналы Мессини апта башында 2010-жылкы “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” деп жарыялаган.