Кытайда өрт тогуз кишинин өмүрүн алды

Кытайдын ортолук бөлүгүндөгү Ухан шаарында төрт кабаттуу үйдө болгон өрттө тогуз киши набыт болду. Өкмөттүк Синхуа жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, өрт 17-январда кечке жуук башталып, 18-январда эртең менен араң өчүрүлгөн. Өрт өчүргүчтөр турак үйдөн дагы көп сөөк табылышы ыктымал деп кооптонушат.