Жума күнү беларус президенти ант берет

Александр Лукашенконун 4-мөөнөткө президентикке ант берүү аземи Минскиде өтөөрүн президенттин маалымат кызматы билдирет.

2010-жылдын декабрь айында Беларуста өткөн президенттик шайлоодо А.Лукашенко жеңишке жеткен. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп көчөгө чыккандардын 600дөй киши камакка алынган. Алардын ичинде президенттикке мурдагы талапкерлер дагы бар.