Санжар Бакиевдин соту 27-январга калды

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, Санжар Бакиев баштаган айыпталуучулардын арызын кароону Чүй облустук соту 27-январга калтырды. Буга С. Бакиев менен бирге айыпталып жаткан Базарбай Арзыкулов жана Нурлан Ахмедовдордун жактоочусу Шадыбек Сопубековдун ооруп калып, сотко келбей калышы себеп болгон.

Санжар Бакиев баштаган беш адамга 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Санжар Бакиев болсо өзүнө коюлган айыптарга макул болбой, апелляциялык арызын Чүй облустук сотуна тапшырган болчу. (KKs)