Португалиянын президенти экинчи мөөнөткө кайра шайланды

Баштапкы расмий маалыматтарга караганда, Анибал Каваку Силва кечээги шайлоонун натыйжасында 53% добуш алган. Бул биринчи айлампада эле жеңип чыгуу үчүн жетиштүү. Португалияда азыркы президенттик шайлоого алты талапкер катышты. Добуш берүүгө ага укуктуулардын 50%га жетпегени келген. 71 жаштагы Каваку Силва кесиби боюнча экономист, 2006-жылы президенттикке шайланганга чейин он жыл Португалиянын өкмөтүн башкарган. Ушу тапта оор экономикалык кризисти баштан кечирип жаткан Португалияда президент көп деле бийликке ээ эмес, бирок премьер-министрди кызматтан бошотуп, парламентти тарата алат.