Чолпон-Атада июнь окуясында жабыркаган өспүрүмдөр дарыланат

Чолпон-Ата шаарына 18-январда Оштон жана Кара-Суудан июнь коогасында жабыркаган жетимишке чукул жеткинчектер жана күйөөлөрүнөн ажыраган жесир аялдар балдары менен келишти. Аларга 27-январга чейин Регионалдык изилдөө институтунун психологдору жардам көрсөтүшөт. Балдарды эс алдыруу иш-чарасы Швейцариялык кызматташуу бюросу тарабынан каржыланып келет. Буга чейинки эки жолку айлампада, жай мезгилинде Ысык-Көлдө 3000дей жеткинчек лагерлерде эс алган. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. (AzK)