Египетте өкмөткө каршы демонстрацияны таратуу үчүн полиция күч колдонду

Байтакты Каирдин борборунда лагерь уюштуруп алган демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Мунун алдында бийликте отуз жылдан бери отурган президент Хосни Мубаракка каршы бир нечер шаарда акыркы жылдардагы эң ири нааразылык акциясы өткөн эле.

Коңшу Тунисте президенттин бийликтен кулашына алып барган козголоңго шыктанган демонстранттар “Тунис, Тунис” деп кыйкырып жатышты.

Тунистин калкы сыяктуу эле египеттик демонстранттар да кымбатчылыкка, жакырчылыкка, жумушусуздукка нааразыланып, авторитардык башкарууну сындашты. Полиция аларды көздөй таш жана бөтөлкө ыргыткан демонстранттарга каршы суу бүркүгүчтөрдү колдонгон.

Маалыматтарга караганда, кечээги кагылыштар учурунда демонстранттар арасынан эки адам жана бир полиция кызматкери каза тапкан. Өткөн түнү борбор Каирдин көчөлөрүн көп сандагы коопсуздук күчтөрү күзөтүп, адамдарды камакка алганы кабарланды.

Адамдарды бул нааразылык акциясына тартуу үчүн колдонулган Twitter интернет сайты блокадага алынгандыктан, азыр аны Египетте ачуу мүмкүн болбой калды.

АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Вашингтон Египеттеги окуяларга жакындан байкоо салып жатканына токтолуп, буларды белгиледи:

- Биздин баамыбызда Египеттин өкмөтү стабилдүү жана Египет калкынын мыйзамдуу муктаждыктары менен кызыкчылыктарына жооп берүүнүн жолдорун издөөдө.

Хиллари Клинтон ага катар египеттиктердин нааразылык билдирүүгө укугу бардыгын белгилеп, бирок тараптардын баарын зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырды. Египет - АКШнын араб дүйнөсүндөгү жакынкы өнөктөшү.