Мэр өзүнө карата коюлган айыптарды негизсиз деп эсептейт

Жалал-Абад шаарынын мэри Максатбек Жээнбеков Каржы полициясы тарабынан ага коюлуп жаткан айыптар негизсиз экендигин “Азаттыкка” билдирди. Ал Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси болуп турган убакта, диапорага боз үй сатып берүү үчүн акча алганын мойнуна алып, бирок аны кайра жергиликтүү эсепке кайтарып бергенин билдирди. “Саясий кырдаалга байланыштуу акчага боз үй сатып алынбай, кайра кайтарылган”,-деди М. Жээнбеков.

Буга чейин Каржы полициясы М. Жээнбековго карата көз боемочулук жана мүлктү менчиктөө беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Ал маалыматка ылайык, 2010-жылдын 26-мартында Жалал-Абад шаардык кеңештин чечими менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы “Бүтүн Кыргызстан” аттуу кыргыз диаспорасынын регион аралык коомуна 100 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүү чечими кабыл алынган. Бул каражат диаспоранын ошол учурдагы жетекчиси, азыркы шаар мэри Максатбек Жээнбековго берилип, ал акча кыргыз диаспорасы үчүн улуттук боз үйдү сатып берүүгө сарпталышы керек болгон. Каржы полициясы "бул каражатты шаар мэри менчиктеп алган" деп шектенүүдө. Максатбек Жээнбеков апрель ыңкылабынан кийин Жалал-Абад шаарынын мэри болуп дайындалган. (KKs)