Кыргыз-кытай чек арасы бир аптага жабылат

Кытайда белгилене турган жаңы жыл майрамына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү бекеттери 31-январдан 8-февралга чейин жабык болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. (ES)