Кыргызстан саякатчылар санын арттырууну көздөөдө

Жогорку Кеңештин Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитети Кыргызстандагы туризм тармагын талкуулаган тегерек үстөл өткөрөт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анда 2010-жылдагы туристтик сезондун жыйынтыктары жана бул тармактын көйгөйлөрү жөнүндө кеп болот. Экономикалык тескөө министрлигинин маалыматтары боюнча, былтыр Кыргызстанга келген туристтердин . Өлкөдөгү апрель жана июнь окуяларына байланыштуу чет жактардан эс алуучулар жана саякатчылар саны 50 пайызга кыскарып, натыйжада Кыргызстан кыйла кирешеден кол жууган. (ES)