Рашод Камалов камакта, тергөө уланууда

Кара-Суу шаарынын имамы Рашод Камалов абакта экенин, ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып жатканын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Рахматулло Ахмедов “Азаттыкка” билдирди.

Камаловду 18-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милиция кызматкерлери “Манас” эл аралык аба майданында кармаган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы карасуулук имам өзбекстандык эки жарандын арызынын негизинде кармалып, Кылмыш кодексинин 166-беренесине ылайык “көз боёмочулук кылган” деп шектелип жатканын билдирген. Шаардык милиция тараткан билдирүүгө ылайык, Камалов  өзбекстандык эки жарандан Сауд Арапстанга виза ачып берем деп ар биринен 6300 доллардан алган. (EBM)