Иран Батышты дарга асууларга кийлигишпөөгө чакырды

Иран өкмөтү өлкөдөгү өлүм жазасына тартууларга Батыш мамлекеттерин кийлигишпөөгө чакырды. Дүйшөмбү күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти Иранды дарга асууну токтотууга чакырды жана нидерланд жараны, Захра Бахрамини консул менен жолуктурбай дарга асууга “өзгөчө тынчсызданганын” билдирген. 46 жаштагы теги ирандык аял маң затын сактады жана сатты деп айыпталып, ишемби күнү өлүм жазасына тартылган.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 1-февралда кабарлашынча, дарга асылгандардын 80 пайызы маң аткезчилери. Рамин Мехманпрасаттын сөзүнчө, “эгер Иран маң аткезчилигине каршы күрөшпөсө, анын зыяны Батышка тиет”.

Нидерландия Захра Бахрамини дарга асууга жооп ирети Иран менен мамлесин “тоңдуруп” койду. Евробиримдик да Бахрами айымды катаал жазага тартууну айыптады.