Викиликс Нобел сыйлыгына көрсөтүлдү

Норвегиялык депутат чуулгандуу Викиликс сайтын 2011-жылкы Нобел тынчтык сыйлыгына көрсөттү. Снор Вален сайт сөз эркиндигине жана айкындуулукка салым кошту деп эсептейт. Адатта 5 кишиден турган Нобел комитети көргөзгөн талапкерлердин ысымдары шардана кылынбайт, бирок аттарын атоого расмий тыюу салынган эмес. Сыйлыктын ээси быйыл күзүндө белгилүү болот.