Кыргыз-казак өкмөт башчылары жолугушту

Жолугушуунун башында Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов кыргызстандык кесиптеши Алмазбек Атамбаевди премьер-министр болуп дайындалышы менен куттуктады. А. Атамбаев өз кезегинде казакстандык кесиптешин Астанага расмий чакыруусу үчүн жана казак бийлиги тарабынан Кыргызстан кыйын кырдаалда турган кезде көрсөтүлгөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Эки өлкөнүн өкмөт аралык кеңири жыйыны ушул тапта өтүп жатат, анда энергетика, мунай-газ өнөр жайы, айыл чарбасы, инвестицияларды тартуу, миграция жана кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарына байланышкан маселелер каралышы кабарланган.

Түштөн кийин Кыргызстандан барган өкмөттүк делегацияны Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алышы күтүлүүдө.

Кыргыз өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Казакстанга иш сапар менен кечээ чыгып кеткен. Аны менен кошо 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, айыл чарба министри Төрөгул Беков, экономиканы тескөө министри Учкун Ташбаев, өкмөттүк аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жана бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов барган. (ZKo)