Пакистан: Аскерий операция 25 миң адамды качкын кылды

Пакистан армиясы уруулардын ээлигиндеги Оооганстанга ныпталаш аймактарда өткөргөн операциядан улам 25 миң киши там-жайын таштап кеткен. Бул жөнүндө БУУнун Качкындар агенттигинин өкүлү Адриян Эдвардс 4-февралда билдирди. Анын айтышынча, эгер ислам согушчандарына каршы уруш азыркы ыраатта жүрсө, февралдын аягына там-жайын ташап качкан кыштак калкынын саны 90 миңге чыгышы этимал. Үстүндөгү кийиминен башка дүйнөсү жок качкындар БУУ жаңы курган эки лагерге келишкенин белгиледи БУУнун өкүлү.

4-февралда эртең менен Пакистан өкмөтүнүн региондогу чабарманы 27-январда башталган операция маалында 100дөй эрегишчи жок кылынып, өкмөттүк күчтөр да “айрым чыгымдарга” дуушар болгонун маалымдаган. Кабарларга караганда, экстремисттерге каршы урушта авиация, артиллерия жана жөө аскерлер тартылган.