Бүгүн Лондондо WikiLeaks сайтынын ээсинин соту болот

Лондондогу сот WikiLeaks сайтынын түзүүчүсү Жулиан Ассанжды Швецияга өткөрүү-өткөрбөө боюнча бүгүн чечим чыгарат. Жакында АКШнын дипломатиялык алакаларына байланыштуу миңдеген жашыруун документтерди жарыялап жиберген WikiLeaks сайтынын ээси Ассанжды Швецияда сексуалдык кылмыштар үчүн айыпташууда. Ал өзү айыптарды мойнуна алган эмес.