Бүгүн укук коргоочулар Шералы Назаркуловду эскерет

Бүгүн Бишкекте Укук коргоо кыймылынын төрагасынын орун басары, саясий ачкачылыктын катышуучусунун бири Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы өтөт. Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, ага укук коргоочулар, Назаркуловдун сааналаштары менен жакындары катышат.

Шералы Назаркулов 2002-жылы 7-февралда акаевдик режимге жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга жең ичинен берилишине каршы ачкачылык жарыялап жатып, акциянын 22-күнү каза тапкан. (КЕ)