Мугалим окуучусун сабашы боюнча окуяны атайын комиссия иликтейт

Билим берүү жана илим министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, Бишкектеги 49-мектептеги мугалимдин окуучуну ур-токмокко алган окуяны беш кишиден турган комиссия иликтей турган болду. Аталган комиссия окуянын чоо-жайын изилдеп, 49-мектептеги мугалимдин иш-аракетининин этикалык жагын жана жалпы окуучулар тууралуу маалымат топтоп чыгат.

Кечээ Бишкектеги 49-мектептин окуучулары орус тил жана адабият мугалиминин окуучуну сабап жатканын чөнтөк телефонго тартып алышып, ал видео интернет булактарына коюлган. Мектеп жетекчилиги бул окуя боюнча пикирин билдире элек. (KKs)