Жаңылыктар Иракта бомба чабуулунан 13 киши набыт болду 18-Февраль, 2011 17-февралда Иракта унаага коюлган бомба жарылып, кеминде 13 киши набыт болду. Полициянын билдиришинче, дагы 35 киши жараат алган. Жардыруу Багдаддан 80 чакырымдай түндүк чыгыштагы Мукдадия шаарчасындагы базарда болду.