Жаңылыктар Муамар Кадафинин каршылары баш көтөрүүдө 18-Февраль, 2011 Ливиянын ал-Байда, ар-Ражбан, Зентен шаарларында 17-февралда өкмөткө каршы жүрүштөр маалында полиция менен кагылышуулар болгонун маалымат булактары кабарлашты. Ошондой эле өлкө лидери Муамар Кадафинин жактоочулары да көчө жүрүштөрүнө чыгышты.