Нарындагы табигый кырсыктарды алдын алуу борборуна шаймандар келди

Нарын районунун Орток айылына тиешелүү “Жарандарды табигый кырсыктардан алдын алуу” борборуна кырсыктар учурунда керек болуучу шаймандар келип түштү.

Аталган округдун башчысы Жаныбек Төлөевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта табигый кырсыктарды алдын алууда жалпы баасы 100 миң сомдук шаймандар келди. Эми дагы 35 миң сомго 15 атайын кийим жана 1 чатыр берилмекчи.

Нарын облусу боюнча табигый кырсыктарды алдын алуучу эки борбор бар. Алардын бири Кочкор районунда жайгашкан. Мындай борборлорду шаймандар менен камсыз кылуу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруу программасына алкагында ишке ашууда. (ErB)