Мигранттар Ливиядан учуп кетүү кыйындаганын билдиришүүдө

Триполиде англис тилинен сабак берген ирландиялык Маркус МакКеону Британиянын согуш учагы дагы 60 чакты британ жараны менен кошо эвакуациялады:

- Триполинин аба бекетинде кымгуут. Эч бир кызмат иштебейт, бара турган жер жок, бир гана үмүткө жетеленип отурасың. Маалымат жокко эсе. Учак каттамдары тууралуу электрондук такталар өчүк. Эч кандай маалымат жок.