Кыргызстан менен Орусиянын муфтийлери жолугушат

Муфтияттын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, муфтий Чубак ажы Жалилов Орусиянын Муфтийи Равиль Гайнудин менен 7-мартта жолугушат. Алар эки мамлекеттин ортосундагы диний кызматташтык тууралуу сүйшөшүүлөрдү өткөрүшөт. Мындан улам муфтий кечээ Москва шаарына учуп кетти. Чубак ажы Жалилов 8-мартка чейин созула турган бул иш сапарынын алкагында Орусиядагы кыргызстандыктар менен да жолугушаары күтүлүүдө. (KKs)