Пакистандагы жарылууда ондогон адамдар набыт болду

Пакистандын түштүгүндөгү Фейсалабад шаарындагы май куючу станциядагы жарылууда бери дегенде 17 адам набыт болуп, 50дөн ашуун киши жарадар болду. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.