АКШ вице-президенти орус президенти менен жолугат

Жо Байден Дмитрий Медведев менен Орусиядагы сапарынын башталышында бүгүн жолугат. Ал Москвадагы сүйлөшүүлөрдө Америка – Орусия алкаларындагы “кайра жандыруу” кандай кетип жатканына байкоо салмакчы. АКШ – Орусия алкаларын кайра жандандырууну 2009-жылы кызматка киришкенде президент Барак Обама баштаган. Байден Москвадагы сапары учурунда оппозициянын, жарандык коомдун лидерлери менен да кездешет. Орусия АКШдагыдай Силикон өрөөнүн түзүүнү белгилеп жаткан жерде болот.