“Мекен шейиттери”: сот иштери жандансын

Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлдөрү бүгүн “АКИпресс” агенттигинде билдиришти. Маалыматка ылайык, алар март айынын соңуна чейин 7-апрель окуясы боюнча соттук процесстин жанданышын талап кылып, талаптары орундалбаса мыйзамда көрсөтүлгөн бардык чараларды колдонушарын эскертишти.

Алар ошондой эле 7-апрелде демонстранттарды аткан делип айыпталып, кийин койо берилген “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерлерин камакка алууну талап кылышууда.

Бул боюнча “Мекен шейиттеринин” өкүлдөрү пермьер-министр Алмазбек Атамбаев менен УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев менен жолугушууну талап кылышууда. Алардын айтымында, бул жетекчилер маалымат каражаттарында “альфачылар жетекчиликтин буйругун аткарышкан” деген сөздөрдү айтып, сотко басым жасашууда. (IJz)