Франция ливиялык козголоңчуларды ырасмий түрдө тааныды

Франция ливиялык козголоңчулардын Улуттук Кеңешин Ливия элинин бирден бир мыйзамдуу бийлиги деп тааныды. Буга чейин бир да мамлекет антикаддафичил күчтөрдү тааный элек болчу. Президент Никола Саркозинин администрациясынын маалымдашынча, Француз өкмөтү ливиялык козголоңчулардын Бенгазидеги кеңсесине өз элчисин жиберет жана алардын элчисин Парижде кабыл алат.