Лейлекте чек арачы жоокер ур-токмоктон мерт болду

Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук акимчиликтин тартип коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка карганда, Лейлек районунун “Катраң” чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн 19 жаштагы Абдразак уулу Назирбекти 3-март күнү аны менен кызмат өтөгөн 5 чек арачы токмоктоп салышкан. Жабыркаган Назирбек Ош шаарына дарылоого жиберилип, бирок 13-март күнү көз жумган. Жоокердин сөөгү ошол эле күнү Лейлек районунун Маргун айылындагы туугандарына жеткирилди.

Чек арадан оолак орун алган “Катраң” чек ара бекети 1999-жылы Баткен окуясы учурунда түзүлгөн болчу. “Бирок азыркы күндө бул чек ара бекеттин зарылдыгы жок болчу”,-дейт район акими Нууман Сайдуллаев. (JsA)