Бишкек-Исламабад “бир тууган” шаарлар болуп калды

Бул тууралуу эки тараптуу макулдашуу Пакистандын премьер-министри Юсуф Гилани менен премьер министр Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусунда жетишилгендигин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт. 15-мартта кол коюлган макулдашууда “эки тараптын кызыкчылыктарын көздөгөн кыргыз-пакистан алакаларын өнүктүрүү өлкөлөрдүн тышкы саясаттарындагы артыкчылык” катары бааланат.

Пакистан Кыргызстан менен отун-кубат жаатында кызматташууга кызыкдар. Борбордук жана Түштүк Азиялык аймактык энергетика долбоорунда Кыргызстан менен Тажикстанда өндүрүлгөн электр кубатын Ооганстан менен Пакистанга сатуу каралат.

15-мартта Пакистандын премьер-министри Сайед Юсуф Реза Гилани расмий иш сапар менен Кыргызстанга келди. Пакистандын өкмөт башчысы президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков менен да жолугушаары белгиленген. (GA)