Кыргызстанда тогуз коргоол боюнча турнир өтөт

Республикалык турнир 21-24-март күндөрү Бишкекте болот. Тогуз коргоол федерациясынан маалымдашкандай, таймашка Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жүзгө чукул адам  катышмакчы. Тогуз коргоол - кыргыздардын улуттук оюну. (EBM)