Жети-Өгүздө Аксы окуясы эскерилди

Укук коргоочу Эркингүл Иманкожоеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Аксы окуясын эскерүү иш-чарасын өттү. Ага жергиликтүү тургундар, бийлик өкүлдөрү катышып, бул окуяда каза болгон адамдарга арналып куран окутулду.
Мындан тогуз жыл мурда, 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунда ошол учурдагы депутат Азимбек Бекназаровдун камалышына нааразы болгон жергиликтүү калк менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, анда алты адам ок жеп каза болгон. (KKs)