Украинанын экс-президенти Кучмага айып тагылды

Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучмага журналист Георгий Гонгадзенин өлүмүнө байланыштуу иш боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Кучма Башкы прокуратурада сурак бергенден кийин билдирди. Украинаны 1994-2005-жылдары башкарган Кучма "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" жана "ички иштер органдарына журналисттин өлүмүнө алып келген буйрук берген" деп шектелүүдө. 23-мартта мурдагы президент кылмышка тиешеси жоктугун айткан.
Гонгадзе 2000-жылы уурдалып, кийин анын сөөгү Киевдин жанындагы токойдон табылган. Укук коргоочулар журналисттин көзүн тазалоонун артында Кучма турган деп көптөн бери айыптап келатышат. Гонгадзе Украин өкмөтүнүн жогорку жетекчилиги арасындагы коррупция жөнүндө жазып, президентти да сындап келген.