Мамлекеттик уюлдук байланыш компаниясын түзүү каралууда

Бүгүн өкмөт үйүндө өкмөттүк жыйын өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жыйында жазгы талаа жумуштарына даярдык, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишмердүүлүгү, Каржы полициясы тууралуу маселелер каралат.

Андан тышкары 100 % мамлекет ээлик кыла турчу уюлдук байланыш компаниясын түзүү планы да талкууланмакчы. Бул тууралуу Байланыш агенттигинин жетекчиси маалымат бермекчи. (IJz)