Төрт абакта ачкачылык акциясы өтүп жатат

Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Калыбек Качкыналиев №5, 8, 1 жана 16-жаза өтөө жайларында отургандардын бардыгы ачкачылык жарыялашканын, мунун артында кылмыш дүйнөсүнүн ана башы атыккан Камчы Көлбаев турат деп “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, түрмөдө отургандар уюшма кылмыш топторунун өкүлдөрүнүн кармалып жатканына нааразы болуп жатышат. Качкыналиев азыр Ички иштер министрлиги, атайын кызмат менен биргеликте топ түзүлгөнүн, ачкачылык акциясын токтотууга күч да, каражат да жетет деп айтты. Абакта отургандар түрмөдөгү шарттын начардыгынан ушундай кадамга барып жатышат деген дооматты четке какты. Соңку маалыматка караганда, учурда ачкачылык кармагандар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. (EBM)