Ливия: Мисратадан 1 миңден ашуун адам чыгарылды

Ливиянын Мисрата шаарынан көчүрүлгөн жүздөгөн адамдарды тарткан кеме 5-майда адаватчылардын ээлигиндеги чыгыштагы Бенгази шаарына келишти. Кемени жалдаган Эл аралык миграция уюму камоодогу шаардан африкалык жана азиялык 800 чамалуу жумушчу, ошондой эле 260 ливиялык ташылып чыкканын 5-майда билдирди. Алардын ичинде 30дан ашык жарадар да бар. Мунун менен порттуу шаардан кемеде ташылып чыккан адамдардын саны 13 миңге жетти.

Мисрата анти-каддафичил көтөрүлүшчүлөрдүн колундагы Ливиянын батышындагы жалгыз шаар. Калаа эки айдан бери өкмөттүк аскерлердин курчоосунда.